Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

Рим папасы аялдарга зомбулукту кудайга "акаарат келтирүүгө" теңеди


Рим папасы Франциск.
Рим папасы Франциск.

Рим папасы Франциск 1-январда жасаган салттуу жаңы жылдык кайрылуусунда аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырып, муну кудайга "акаарат келтирүү" деп атады.

"Ушунчалык көп аялдар зордук-зомбулукка кабылышат! Жетишет! Аялды таарынтуу бул кудайга акаарат келтирүү", - деди 85 жаштагы понтифик.

Өткөн айда жасаган кайрылууда дагы Рим папасы аялды уруп-сабаган эркектердин жосундарын "шайтандын ишине" теңеген.

Пандемия башталгандан бери Рим папасы Франциск бир нече жолу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кайрылуу жасады. Карантин чектөөлөрү маалында аялдарга болгон зордук-зомбулук кескин көбөйгөн.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат.

Жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов быйылкы жети айда 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын ырастаган. Өткөн жылы жети айда 6060 окуя болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG