Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Садыр Жапаров бардык саясий күчтөр менен иштешүүгө даяр экенин айтты


Кыргызстандын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн келечеги үчүн бардык саясий күчтөр менен иштөөгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу кыргызстандыктарга жолдогон жаңы жылдык кайрылуусунда белгиледи. Жапаров элди жаңы жылы менен президент катары биринчи ирет куттуктады.

"Биз өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен биргеликте иштөөгө даярбыз, конструктивдүү иш-аракеттерге ачыкпыз", - деди ал.

Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары шайланып, бийликтин бардык бутактары толук калыптанганына дагы токтолду.

Президент быйыл Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кыларын жана өлкөдө дүйнөлүк Тоо саммити өтөрүнө токтолду.

Кайрылуусунда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бир топ иштер аткарылышы керектигин белгилеп, бирок аларды так айткан жок. Экономика тармагындагы адистер ишкерлер менен капитал өлкөдөн чыгып кетип жатканын коңгуроо кылып кагып келишет.

Президент мамлекеттик чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, тыкыр көзөмөлдө экенин айтты.

Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларында такталбаган тилкелер бар. Ал аймактарда маал-маалы менен чыр чыгып турат. Былтыр апрель айында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыгып, эки тараптан тең ондон ашык киши каза болуп, бир нечеси жаракат алган. Турак жайлар менен социалдык курулуштар талкаланып күйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG