Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Кара-Көл шаарынын борбордук аянтындагы балаты күйүп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Кара-Көл шаарынын борбордук аянтына коюлган балаты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. Кара-Көл шаарынын борбордук аянтына коюлган балаты.

Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарынын борбордук аянтына коюлган жаңы жылдык балаты 1-январга караган түнү толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Балаты күйүп жатканы тууралуу билдирүү түнкү саат 12:00дөн өткөндөн кийин түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 12:15те тилсиз жоону толугу менен өчүргөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Соңку учурда Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгы көп катталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери 2900дөн ашык өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 17% көп. Кырсыктан 40тай киши каза болду. Анын ичинен онго жакыны жаш балдар. Адистердин айтымында, кырсыкка көп учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык себеп болот.

XS
SM
MD
LG