Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

Коронавирустун жаңы 59 учуру аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаарындагы ооруканалардын бири.
Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек шаарындагы ооруканалардын бири.

1-январга карата өлкө боюнча коронавирустан каза болгондор катталган жок. Ал эми вирустун жаңы 59 учуру катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаары (33) менен Чүй облусунда (9) аныкталган.

  • Жалал-Абад облусунда - 8;
  • Баткен облусунда - 6;
  • Талас облусунда - 2;
  • Нарында - 1 учур жаңы катталды.

Ош шаары менен Ош облусунда, Ысык-Көлдө жаңы учурлар катталган эмес. Өлкө боюнча вирус жуккандардын расмий саны 184 748ге жетти, анын 179 871и айыкты. Каза болгондор 2800дөн ашты.

Учурда 256 бейтап ооруканада жатса, 333 киши үйүнөн дарыланууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG