Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Жаңы жыл түнү өлкө боюнча 265 ымыркай төрөлдү


Иллюстрациялык сүрөт. Ош, 23-август. 2021-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. Ош, 23-август. 2021-жыл.

31-декабрдан 1-январга караган түнү өлкө боюнча жалпысынан 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди, арасында эгиздер да бар. Анын 144тү эркек болсо, 121и кыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчилерден болуп түнкү саат 12:01де Талас облусу менен Жалал-Абаддын Сузак районунда (түнкү саат 12:05) уул балдар төрөлгөн.

Министрликтин маалымдашынча, эң көп ымыркай Жалал-Абад облусу (64 ымыркай) менен Бишкек шаарында (56 ымыркай) төрөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG