Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Эрдоган акчаны лира менен сактоого чакырды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 31-декабрда жасаган кайрылуусунда жарандарды акчасын лира менен сактоого чакырды. Ал ошондой эле өлкөдөгү валюта кризиси көзөмөлдө экенин айтты.

2021-жылы Түркиянын улуттук акчасынын наркы кескин түшүп кеткен. 20-декабрда бир доллар 18,41 лирага жетип, тарыхта болуп көрбөгөндөй төмөн көрсөткүчкө жетти. Бийлик кандайдыр бир чара кабыл алгандан кийин гана жылдың соңку күндөрү лиранын куну бир аз көтөрүлдү.

Аналитиктер Борбордук банктын эсептик ченин кескин түшүрүү аркылуу инфляцияга каршы күрөшүүнү чечкен Эрдоганды валюта кризиси үчүн айыптап келишет.

1-январда бийлик электрэнергиянын жана газдын баасын 50-100% көтөрдү.

Лирага байланышкан абал Түркияда иштеген борборазиялык мигранттарга катуу сезилип, алар тапкан акчасы эч нерсеге жетпей жатканын айтып келишет.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү кыз-келиндер, дээрлик көпчүлүгү минималдуу айлыкка иштейт.

Быйыл 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG