Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Коронавирустан эмделбеген эки адам каза тапты


Sinopharm вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү. 2021-жыл.
Sinopharm вакцинасы менен эмдөө өнөктүгү. 2021-жыл.

2-январга карата өлкө боюнча коронавирустан эмделбеген эки адам каза болду. Ал эми вирустун жаңы 38 учуру катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (32) аныкталган.

  • Ош шаары - 4;
  • Жалал-Абад облусунда - 2.

Калган облустарда жаңы учурлар катталган эмес. Өлкө боюнча вирус жуккандардын расмий саны 184 786ге жетти, анын 179 871и айыкты. Каза болгондор 2800дөн ашты.

Учурда 267 бейтап ооруканада жатса, 326 киши үйүнөн дарыланууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG