Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Элчилик Орусияда мушташка катышкан кыргызстандыктар жөнүндө маалымат таратты


Орусияда жүк ташуучу болуп иштеген мигрант. Москва, 29-июнь. 2021-жыл.
Орусияда жүк ташуучу болуп иштеген мигрант. Москва, 29-июнь. 2021-жыл.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москва шаарында 1-январдагы кыргыз жарандары катышкан калайман мушташка байланыштуу окуяны териштирүү жана укуктук жардам берүү үчүн Ички иштер министрлигинин Текстильщик райондук бөлүмүнө барышкан. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.

2-январда элчиликтин юристтеринин көмөгү менен кыргыз жаранына медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жалпы жолунан окуяга тиешеси бар делген 15 кыргыз жараны милиция бөлүмүнө алып келинген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Элчилик кыргыз жарандары кимдер менен мушташканы жана чыр эмнеден чыкканы жөнүндө маалымат берген жок.

Расмий маалымат боюнча Москвада 1 миллион 33 миң мигрант бар, анын 82% иш менен камсыздалган. Алардын негизи бөлүгүн Өзбекстандын (31%), Тажикстандын (26%) жана Кыргызстандын (25,4%) жарандары түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG