Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Президент Жапаров "Центерра" менен сүйлөшүүдө жылыш бар экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров канадалык "Центерра Голд"компаниясы менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирди. Бул тууралуу Жапаров 2-январда Кумтөр кенине барган учурда айтканын президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

“Кенге сапардын жүрүшүндө канадалык "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүү жараянында жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр голд” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди”, - деп айтылат маалыматта.

Президент жакынкы аралыкта эки тараптын ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артып жатканын билдирген.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайга барган.

“Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган.

"Центерра Голд" компаниясы кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин билдирген. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

"Центерра" менен сот эл аралык арбитражда уланууда.

Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатканы белгилүү болду. Талкуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун “Кумтөр Голд” ишканасынан кабарлашты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG