Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Ошто Бактыбек Калмаматовдун тарапкерлери акцияга чыгышты


Бактыбек Калмаматовдун тараштары. Ош, 3-январь, 2021-жыл
Бактыбек Калмаматовдун тараштары. Ош, 3-январь, 2021-жыл

Ош шаарынын борбордук аянтында оппозициялык саясатчы, камактагы Бакытбек Калмаматовду 50дөн ашык тарапкери чогулду.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар Калмаматовдун бейкүнөө камалганын айтышып, аны бошотууну талап кылууда. Чогулгандар “Боштондук!”, “Калмаматовду колдойбуз, коргойбуз!” деген жазууларды көтөрүп турушат.

Ушундай өтүнүч менен президентке, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисине кайрылышты.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду УКМК "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган.

22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган саясатчы өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын билдирүүдө.(DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG