Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:27

Камчыбек Ташиев ооруканада пневмониядан дарыланууда


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев пневмония болуп Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 5-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, атайын кызматтын башчысынын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин консилиуму өткөрүлүп, дарылоо жүргүзүлүп жатат. Коронавируска тапшырган анализи таза чыкты.

Ташиев пневмония болуп 2020-жылдын июль айында да ооруган.

2021-жылдын февралында ал Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгону айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG