Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Беларус тынчтык орнотуу күчтөрүн Казакстанга жөнөттү


Беларус аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Беларус аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Беларус бийлиги Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) алкагындагы макулдашылган миссия менен Казакстандын аймагына өз аскерлерин жөнөттү. Бул тууралуу бейшембиде Беларустун коргоо министри Виктор Хренин журналисттерге кабарлады.

Бул өлкө да тынчтык орнотуучу күчтөр үчүн аба-десанттык бригадасын тандап алган. Андагы аскерлер бул багыттагы бардык даярдыктан өткөнү кабарланды.

Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанга келип түшүп, кызматын өтөй баштады. Армения менен Тажикстан аскерлерин казак жергесине жөнөтөрүн ырастады, Кыргызстанда аскерлерди жиберүү үчүн парламенттин макулдугу бериле элек.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарда кескин сынга кабылууда. Казак президенти алар кимдер экенин, кайсы мамлекеттерде даярданганын так айткан жок.

ЖККУга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда Фейсбукка жарыялаган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Негизги нааразылык Алматы шаарында өтүп жатат. 5-январда анда мэриянын, прокуратуранын жана бийлик партиясынын имараттары өрттөлгөн. Кийин бийлик "антитеррордук операция" жүргүзүп, тополоңго катышып жаткан бир нече жарандар жок кылынганын маалымдаган. Натыйжада ондогон адам каза тапканы кабарланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG