Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:02

Баткен: Аскер бөлүгүндө жоокер өлүмү катталды


Кыргызстандын жоокери. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын жоокери. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн жоокери чогуу кызмат кылган аскерди атып алды. Ок тийген жоокер каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта ички аскерлердин 20 жаштагы катардагы жоокери ойноп жатып, бет маңдайда турган шеригин кокустан атып алганы айтылат.

19 жаштагы жоокер жаракат алып, ооруканага жеткирилген, алган жараатынан улам көз жумган.

Окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенип жатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG