Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:24

Сербияда литий металлын казуу планына каршы акция өттү


Белграддагы литий металлын казууга каршы чыккандар. 8-январь, 2022-жыл.
Белграддагы литий металлын казууга каршы чыккандар. 8-январь, 2022-жыл.

Сербияда ишембиде жүздөгөн киши бийликтин литий казуу планына каршы чыгып, жолдорду торошту. Акция баш калаа Белградда да өттү. Өкмөт башчы Ана Брнабик «Пинк» каналына бийлик литий өндүрө турган компания менен келишимди жокко чыгарууну көздөп жатканын айтты.

Жарандар жана экологияны коргоо менен алектенген компаниялар бийлик өз пландарынан баш тартмайынча акциялар улана берерин билдиришти.

Адистер белгилегендей, автоунаанын аккумуляторуна колдонулчу литий металын казуу аймактагы экосистемага олуттуу зыян келтириши мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG