Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Блинкен Токаевдин "эскертүүсүз ок атуу" тууралуу буйругун сындады


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 7-январь, 2022-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 7-январь, 2022-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга" буйрук бергенин сындады.

"Бул буйрук жокко чыгарылышы керек", - деди Блинкен ABC-TV каналына 9-январда курган маегинде.

Буга чейин мамлекеттик катчы казак бийлигинин ЖККУга кайрылуусу суроо жаратарын билдирген.

Мындан мурун "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атаган.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Буга чейин 164 адам өлгөнү расмий жарыяланган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык ката" деген негизде четке каккан.

Расмий маалымат боюнча, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды "чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар" уюштурганын билдирип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG