Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Элчи Дүйшекеев: пианист Рузахунов менен консул жолугуп жатат


Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен кыргызстандык дипломаттар жолугуп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев кабарлады.

Анын айтымында, консулдуктун өкүлдөрү кыргыз жараны менен жолугуп, ага бардык укуктук жардамды көрсөтүп жатышат.

"Рузахуновдун кайсы жерге кармалып турганы бүгүн эртең менен гана белгилүү болду. Түнү бою Тышкы иштер министрлиги, элчиликтин кызматкерлери иштерди жүргүздүк. Жыйынтыгында, анын Карасай районундагы милиция бөлүмүндө кармалып турганы аныкталды. Эртең менен консулдуктун өкүлдөрү ал жерге барып, биздин жаранга жардам көрсөтүп жатышат", - деди элчи.

Дастан Дүйшекеев учурда Казакстанда канча кыргыз жараны кармалганы боюнча расмий органдар так маалымат бербей жатканын, учурда аны тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.

Кыргыз милициясы музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.

Буга чейин казак полициясы башаламандыкка катышы бар деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG