Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Депутат Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыкты


Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

№30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыгарылды. Бишкек шаардык сотунан анын бөгөт чарасы 10-январда Свердлов райондук сотунда каралганын маалымдашты.

Борбордук шайлоо комиссиясы №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Акбөкөн Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган.

Таштанбеков VII чакырылыштын 29-декабрдагы биринчи отурумунда ант берген эмес. Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда интернеттеги социалдык тармактарда №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан.

"Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" лидери Таштанбеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №30 Ысык-Ата шайлоо округунан катышып, эң көп добуш алган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG