Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Казакстанда тополоңдордон улам 390дой кылмыш иши козголду


Казакстандагы башаламандыктарда канча адам мерт болгону беймаалым.
Казакстандагы башаламандыктарда канча адам мерт болгону беймаалым.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрдү. Акордо анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат бергенин билдирди.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" атаган. Тополоңордорго го чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп айткан.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган.

Азырынча тополоңдордо канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун ырастаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG