Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Токаев Алия Назарбаевага байланышы бар деген компанияны жабууну тапшырды


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева. 16-май, 2019-жыл.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева. 16-май, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда парламентте сүйлөп жатып "Оператор РОП" компаниясынын ишмердүүлүгүн токтотууну тапшырды. Бул ишкананы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева менен байланыштырып келишет.

"Оператор РОП" деген компаниянын ишмердүүлүгү ишкерлер арасында жана жалпы эле коомчулукта көптөгөн суроолорду жаратып келет", - деди Токаев.

2015-жылы пайда болгон компания таштандыларды чогултуп, иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм чогултат. Ушул кезге чейин миллиондогон долларларды чогултканы маалымдалган.

Расмий кабарларга караганда, 2020-жылга карата "Оператор РОП" ишканасынын үч эсебине 220 миллиард теңге түшкөн.

XS
SM
MD
LG