Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Президент ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчыларына кайрылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдигинин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүгүнө байланыштуу биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуу жасады.

Өлкө башчысы Кыргызстан кеңешке төрагалык кылган жылы биримдиктин ишин алдыга жылдыруу үчүн бир катар сунуштарды берген. Анда келишимде бекитилген "төрт эркиндик" принцибин камсыз кылуу, тандалма мамиле кылбоо, тоскоолдуктарды тез арада жоюу жана алардын кайра пайда болушуна каршы туруу үчүн эффективдүү чаралар менен механизмдерди иштеп чыгып, ишке ашыруу каралган. Ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин сот тармагына тиешелүү статус берүү жана Комиссиянын Коллегиясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү сыяктуу бир топ сунуштар белгиленген.

Быйыл Евразиялык экономикалык биримдигине төрагалык кылуу милдети Кыргызстанга өттү. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразия өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешине төрагалык кылат. Маалым болгондой, төрагалыктын алкагында Бишкекте ЕЭКтин жыйыны жана Евразия экономикалык форуму (2022-жылдын май айында), Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму өтөт.

2021-жылы ЕАЭБге Казакстан төрагалык кылган.

Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (МТа)

XS
SM
MD
LG