Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Коронавирус жуктургандар көбөйүүдө, 465 жаңы учур катталды


Коронавирус жуктургандар көбөйүүдө.
Коронавирус жуктургандар көбөйүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 12-январга карата COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 465ке чыкты. Бул акыркы бир нече айдагы эң чоң көрсөткүч.

Оорудан бир күндө эки адам каза тапты. Жалпы курмандыктар 2 823 кишиге жетти.

Вирус жуктуруп алгандардын 345и Бишкек шаарында, 60ы Чүй облусунда катталды.

2020-жылдын март айынан бери ооруну жуктургандардын жалпы саны 186 878 болду. Вирустан бир суткада 97 киши айыкты.

Азыркы тапта эки миңден ашык киши вирустан дарыланууда. Алардын 523ү ооруканада, 1 514ү үйүндө жатат. (BCh)

 

XS
SM
MD
LG