Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Алтайда 53 жылкыны атып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Алтай аймагында белгисиз адамдар 50дөн көп жылкыны атып кетишти. Полиция кылмыш ишин козгоду.

Үйүр жылкылар Николай Дроков аттуу жаранга таандык болчу. Келтирилген зыян болжол менен беш миллион рублду түздү.

Анын айтымында, жылкыларды бир жерге чогултуп туруп аткылашкан. Айрым жаныбарларга экиден ок тийген.

Маалымат каражаттары буга чейин жергиликтүүлөр Дроковго айдоо аянттарын жайытка айлантып алганы үчүн нааразы болуп келишкенин жазышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG