Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Жогорку Кеңеш вице-спикерлерди шайлап жатат


Жогорку Кеңештин вице-спикер кызматына сунушталган депутаттар: (солдон оңго) Алай округунан Улан Примов, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Жамиля Исаева, "Ишенимден" Нурбек Сыдыгалиев, бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобунан Нурлан Азыгалиев.
Жогорку Кеңештин вице-спикер кызматына сунушталган депутаттар: (солдон оңго) Алай округунан Улан Примов, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Жамиля Исаева, "Ишенимден" Нурбек Сыдыгалиев, бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобунан Нурлан Азыгалиев.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикер кызматына "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Жамиля Исаева, "Ишенимден" Нурбек Сыдыгалиев, Бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобунан Нурлан Азыгалиев, Алай округунан Улан Примов, ал эми оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан Бакыт Төрөбаев көрсөтүлдү. Төрөбаев талапкерлигин коюудан өзү баш тартты.

Парламент бүгүн түшкө чейин түзүмүн бекиткен. Ага ылайык, бул чакырылышта сегиз комитет түзүлөт, вице-спикерлердин саны үчкө жетти. Сессияда комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу болду.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG