Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин жыйыны өтөт


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Иллюстрациялык сүрөт.

12-январда Брюсселде НАТОго мүчө 30 мамлекеттин жана Орусиянын өкүлдөрү чогулуп, Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу боюнча талкуу өткөрүшөт.

Буга чейин Женевада өткөн Орусия менен АКШнын дипломаттарынын жолугушуусунан эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Орус делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин жетектеп барат.

Москва украин чек арасына жакын аймакка жүз миңдей аскерин жайгаштырган. Бул Батыштын жана Киевдин кооптонуусун жаратып жатат.

НАТО-Орусия кеңешинин жыйынында Москванын талаптары каралат. Москва аскердик альянска бир катар талаптарды койгон: НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек, Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш жана НАТО 1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек.

АКШнын расмий адамдары Орусиянын айрым талаптарын ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин, ал эми кээ бирлери боюнча сүйлөшсө болорун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG