Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Жаңы конуштагы 600дөн ашык жер тилке ээсине техпаспорт берилди


Бишкектеги "Ак-Ордо" жаңы конушунун тургундары, ноябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги "Ак-Ордо" жаңы конушунун тургундары, ноябрь, 2021-жыл.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жайгашкан 639 жер тилкесинин ээлерине техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Жер ынтымагы" жаңы конушунан 1070 арыз түшүп, сегиз арыз артка кайтарылып, 876 техникалык паспорт даярдалды. "Ала-Тоо", "Дордой", "Арча-Бешик", "Керамическая", "Төкөлдөш", "Ак-Ордо", "Кара-Жыгач" конуштарынан "Кадастр" мамлекеттик ишканасына 467 арыз түшкөн.

Жаңы конуштардагы мыйзамсыз турак жайларга техникалык паспорт берүү үчүн Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн атайын көчмө топ иштеп жатат. Алар өз алдынча курулган турак жайларга техникалык паспорт берүү үчүн маалыматтарды топтойт.

Мэриянын маалыматына ылайык, техникалык паспорт жерди мыйзамдаштырууга жатпайт. Анда кыймылсыз мүлктүн гана техникалык маалыматтары топтолот. Бул документ жер тилкесин мыйзамдаштыруунун биринчи этабы.

Кыймылсыз мүлктү изилдөө боюнча кайрылуу үчүн документтердин тизмеси:

1. Өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү).

2. Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар.

3. Кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан же МТУнун төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн сандык курамынан маалымат кат.

Президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга буга чейин кол койгон. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.

Жапаров былтыр ноябрь айында кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушкан.

Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, аларга тамдар салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көп бөлүгү 2005-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алынган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG