Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Адахан Мадумаров парламент жыйыны кеч башталганын сынга алды (видео)


Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген.

Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров сессиянын мөөнөтүнөн кеч башталганын, ошондой эле парламенттин түзүмү тууралуу кесиптешинин кыргызча-орусча аралаштырып баяндама жасаганын сынга алды.

"Жыйын саат 10до башталат дегенден кийин ошол убакта баштасак. Биринчи класстагы 6-7 жаштагы балдар саат 7.30га сабакка барып жатат. Тартипти өзүбүздөн баштасак. Экинчи маселе, сүйлөгөндө же таза кыргызча, же таза орусча сүйлөсөк, аталасын чыгарбасак".


Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында түзүмүн карап жатат. Анда сегиз тармактык комитет түзүү жана вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү сунушталды. Анда комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талкуу жаралды.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланып келди. Бишкек шаарынын бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG