Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Камактагы Калмаматовдун кайрылуусу, сот четке каккан доо арыз


Биринчи май райондук соттун алдындагы Бактыбек Калмаматовду колдоо митинги.
Биринчи май райондук соттун алдындагы Бактыбек Калмаматовду колдоо митинги.

11-январда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочулардын арызы каралып, атайын кызматтын тергөөчүсү кабыл алган токтомдорду жокко чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Саясатчынын жактоочулары Бактыбек Калмаматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармаган учурда талапкер болгонун жүйө кылып, "анын камалышы мыйзамсыз" деп сотко арызданышкан. Жараянга Бактыбек Калмаматов өзү алып келинген жок. Жактоочусу Мырза-Айым Камчыбекова буларды билдирди:

Мырза-Айым Камчыбекова
Мырза-Айым Камчыбекова

“Сыртка чыгып кетүүсүнө чектөө киргизилбеген Калмаматовдун “Манас” аба майданынан кармалышы, айыпкер катары жоопко тартуу токтомунун чыгарылышы мыйзамсыз болгон. Анын оор кылмыш боюнча жоопко тартылышы жана камакка алуу чарасынын тандалышы да туура эмес. Анткени Бакытбек Калмаматов 28-ноябрдагы шайлоого талапкер катары катышкан. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерди шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланганга чейин БШКнын макулдугусуз кармоого, аны камакка алууга мүмкүн эмес”.

Шайлоого “Азаттык” партиясы менен катышкан Бактыбек Калмаматов былтыр 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

Бактыбек Калмаматовдун абактан жазган каты. Кайрылуу 11-январда саясатчынын "Фейсбуктагы" расмий баракчасына жарыяланды.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун расмий тыянагы 15-декабрда жарыяланган. “Азаттык” партиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай, 17-декабрда Бишкектин административдик сотуна, 23-декабрда Жогорку сотко кайрылган. Соттун акыркы инстанциясынын чечими 27-декабрда чыккан. Мындан улам жактоочулар соттук териштирүү бүтө элек учурда Калмаматовду камоо мыйзамсыз болгонун айтып жатышат.

Жактоочулардын өтүнүчүн четке каккан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматкери Айзада Момунова чечимдин себебин түшүндүрдү:

“Жактоочунун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү тарабынан Бактыбек Калмаматовго карата кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу тууралуу даттануусу канааттандырылган жок. Анткени, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 30-беренесине ылайык, тергөөчүнүн токтомун жокко чыгаруу маселесин кароо судьянын ыйгарым укуктарына кирбейт”.

Бактыбек Калмаматов "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыпталууда. Тагыраагы, Калмаматовго "Фейсбуктагы" Нур Азиз аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып тагылып жатканы айтылып жатат. Маалыматка караганда, аталган аккаунт Калмаматов мурда колдонгон телефон номурга байланган. Анын адвокаты ал номурдун азыр саясатчыга тиешеси жоктугун билдирген. Оппозиционердин ишин тергеп жаткан Коопсуздук комитети бул тууралуу тушүндүрмө берген эмес.


Сотко келген саясатчы Исмаил Исаков Калмаматов саясий куугунтуктун курмандыгы болгон деген пикири менен бөлүштү.

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

“Калмаматовго негиздүү айткан сын-пикири үчүн кылмыш ишин козгоп, оозун басканга болуп жаткан аракетти саясий куугунтук десек болот. Калмаматов бийликти кескин сындабай, болуп жаткан фактыларды айтып жүргөн. Экөөнүн айырмасы бар. Шайлоодон кийин “Калмаматовду камайт экен” деген күбүр-шыбырларды укканбыз. Бирок ушундай ыплас жолго барарына ишенген эмеспиз. Анткени азыркы бийлик адилетсиздикти, мыйзамсыз камоону башынан өткөргөн. Бирок сын-пикир айткан жарандар камалган фактылар көбөйүп кетти. Мисал катары Жеңиш Молдокматовдун, Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) камалышын айтсак болот”.

Президенттин администрациясы Калмаматов боюнча дооматтарга 25-декабрда 24.kg маалымат агенттигине жооп берип, анда “президенттин ысымын атоодо куру дооматтардан алыс болууга чакырабыз, тергөө ишти иликтеп, акыркы чекитти коет” деп айтылат.


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов былтыр 11-январда өткөн президенттик шайлоого, 28-ноябрда парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон.

Ал бир жылдын ичиндеги эки жараян учурунда бийликти кескин сындаган саясатчылардын бири болгон. Соңку маектеринин биринде азыркы бийликтин башкаруу тартиби Бакиевдин учуруна окшош экенин, анын инисинин үйүндө тинтүү болуп, артынан аңдып жүргөндөр көп экенин айтканы бар.

"Эгер мамлекеттин өнүгүшүнө Калмаматов эле күнөөлүү болсо, анда камалганга даяр экенин" да кошумчалаган.

Коомдук ишмер Кемел Ашыралиев Калмаматовдун ишинде бийликти бир тараптуу айыптоого болбойт деп эсептейт.

Кемел Ашыралиев
Кемел Ашыралиев

“Кемтигинде да бар, керкисинде да бар” деген сөз ушул жерге туура келип атат. Анткени Калмаматов аябай курч сүйлөгөн жигит экен. Көп учурда аша чаап сүйлөп кетет. "Мени эл колдоп атат" деп эле кескин сындай бериштин кереги жок. Элдин арасында дагы ар кандай кишилер бар. Негизи эле оппозиция конструктивдүү сын-пикир айтканды үйрөнүш керек. Ошол эле учурда Калмаматовду кармап отурганга болбойт. Аны менен бир пикирге келишсе жакшы болмок”.

Бактыбек Калмаматов Биринчи май райондук соттун чечими менен 2022-жылдын 9-февралына чейин камалган.

Анын жактоочулары мындай баш коргоо чарасы менен макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Соттук отурум 12-январга белгиленген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG