Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Казакстанда жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди


Алихан Смаилов башкарган жаңы өкмөт алгачкы отуруму. 12-январь, 2022-жыл. Нур-Султан, Казакстан.
Алихан Смаилов башкарган жаңы өкмөт алгачкы отуруму. 12-январь, 2022-жыл. Нур-Султан, Казакстан.

Казакстандын Алихан Смаилов башкарган жаңы өкмөтү алгачкы отурумун өткөрдү. Күн тартибиндеги маселелерди кароодон мурда жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрү – беш министр ант берди.

“Бүткүл эл үчүн оор кырдаалда мамлекет башчысынын бизге карата зор ишенимин актоого тийишпиз. Жаңы өкмөт калктын жашоосун жакшыртууга, экономиканы өнүктүрүүгө, пандемияга каршы күрөшүүгө жана террорчулар менен талап-тоноочулар алып келген кесепетти жоюп, элди кризистен алып чыгууга багытталган, президент жүктөгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо керек”,-деди жыйында Смаилов.

Анын айтымында, азыркыдай оор мезгилде мындай чоң милдет буга чейин эч бир өкмөткө жүктөлгөн эмес.

Мындан бир күн мурун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштап, ал мажилисте колдоо тапкан. Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан. Ага чейинки премьер Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдорго байланыштуу кызматтан алынган.

Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон.

Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйынын өткөрүп, анда күч органдарынын жетекчилери жана башкы прокурор маалымат берди.

Ага ылайык, өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголду.

Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп атаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп айткан.

Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган.

Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG