Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Москвада биринчи жолу "жарансыздык паспорту" берилди


Москва. Сахароводогу мигранттар борбору.
Москва. Сахароводогу мигранттар борбору.

Москвада 53 жаштагы Якубжан Хакимжановго "жарансыздык" документи берилди. Ал Орусиянын баш калаасында мындай паспорт алган биринчи адам болуп калды.

Бул тууралуу “РИА Новости” Москвадагы Коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Ева Меркачёвага таянуу менен кабарлады.

Хакимжанов Сахароводогу миграциялык борбордо эки жылдай жашаган. Анда эч бир өлкөнүн жарандыгы жоктугунан улам эч жакка депортация кыла алышкан эмес.

Мигрант өзү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында туулганын, беш жашка чыккандан кийин анын үй-бүлөсү Орусиянын Астрахан облусуна көчүп барганын билдирген.

Меркачёванын айтымында, ал “жаш кезинен түрмөгө түшүп калган жана андан ары документтери табылган эмес”. Алгач кармалган кезде полиция анын тек-жайын аныктай алган эмес, анда эч бир өлкөнүн жарандыгы жок болуп чыккан.

"Жарансыздык паспорту" тууралуу мыйзам Орусияда 2021-жылдын августунда күчүнө кирген. Ага ылайык, соттун чечими менен Орусиянын жарандыгы тартылып алынган, СССР убактысынан бери паспортун алмаштырбаган жана орус жарандыгына кире элек адамдар ушундай документ ала алышат. Мындай документ эч бир өлкө кабыл албагандыктан соттун чечими менен депортация кылууга мүмкүн болбой жаткан жарандарга да берилет.

"Жарансыздыктын паспорту" он жылга чейин жарактуу. Бирок аны жыл сайын узартып туруу зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG