Түркияда Кыргызстандагы кышкы туризм жөнүндө маалымат берилип жатканын элчи Кубанычбек Өмүралиев "Азаттыкка" билдирди. Ага ылайык, башкалаа Анкара шаарынын көчөлөрүндө Кыргызстандагы кышкы туризмди жана лыжа базаларын жарнамалаган атайын тасмалар түрк тилинде көрсөтүлүүдө.
Түркиялык ири басылмалар Кыргызстандын туризм потенциалын жазып чыгышты.
Пандемияда Түркиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны азайганы менен жылына 100 миңдей түркиялык турист эс алганы келет. Ал эми Кыргызстандан Түркияга жылына 70 миңдей кыргыстандык барат.
Кыргызстанда жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, учурда анын 17си иштейт. Кышкы эс алууга ылайыкташкан жайлар негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан. (ElB)
Facebook шеринеси