Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Казакстанда кармалган төрт кыргыз жараны бошотулууда


Казакстанда, Алматы-Бишкек жолундагы Карасай районунда кармалган төрт кыргызстандык бошотулууда. Бул тууралуу 15-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди:

“Бошотулат деп биз да күтүп жатабыз. Эртең менен барып жолугуп, азыр келдик. Алар эч кандай мыйзам бузган эмес. Алматыдан Бишкекке, үйүнө кетип баратып, жолдон кармалган. Казакстандын Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтери менен байланышып, иш алып бардык”.

Казак бийлиги кыргызстандык 31 жаштагы З.Юбуровду, 30 жаштагы А.Хуровду, 34 жаштагы И.Мачону жана 20дагы А.Жиншанлону тополоңго шек санап 7-январда кармаган.

Назарали Ариповдун айтымында, аталган төрт адам дагы бир кыргызстандык, музыкант Викрам Рузахунов менен чогуу кармалгандар.

Рузахунов 10-январда Бишкекке кайтып келген. Казакстандын Ички иштер министрлиги ал жөнүндө туура эмес маалымат таратып жатканын айткандар Бишкекте митинг өткөрүшкөн. Кыргызстандын жогорку саясий бийлиги да реакция кылып, казак тараптан аны бошотууну сурап кайрылган. Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө нота жөнөткөн.

Башкы консулдуктун маалыматына караганда, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан тогуз кыргызстандык кармалган, “алардын баары чыкты, башка кармалгандар тууралуу маалымат жок”. Каза болгондор экөө. Жалпысынан 300дөй кыргыз жараны Алматыдан Кыргызстанда эвакуацияланды.

Мындан тышкары Алматыдан Бишкекке кетип баратып кармалганы тууралуу маалымат тарап жаткан дагы бир кыргыз жаранынын дайыны азырынча белгисиз болууда. Консулдук аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG