Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Каркырада кармалган кыргызстандык боюнча жооп боло элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз тарап кыргыз-казак чек арасында мал издеп жүрүп кармалган деп айтылып жаткан студент Сыймык Өмүрбек уулу боюнча Казакстандан жооп ала элек. 15-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов бул тууралуу “Бул маселе биздин көзөмөлдө. Тийиштүү органдарга кайрылганбыз. Жооп күтүп жатабыз” деп билдирди.

22 жаштагы Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева окуя 10-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кетип, аны казак чек арачылары кармап кеткенин айтып, 14-январда президент Садыр Жапаровдон аны кайтарууга жардам сурап кайрылган.

УКМКнын Чек ара кызматы Казакстандын чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирген.

Маселени 12-январда Жогорку Кеңеште депутат Акылбек Түмөнбаев да көтөрүп чыгып, анын сунушу менен тиешелүү мекемелерге тапшырма берилген.

Кыргыз парламенти 2002-жылы Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан. (RK/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG