Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38

COVID-19: Оштогу жугуштуу оорулар бөлүмү "кызыл зона" катары иштей баштады


Ош.
Ош.

Ошто облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү COVID-19га чалдыккан кош бойлуу жана жаңы төрөгөн келиндер менен ымыркайларды дарылоочу “кызыл зона” катары иштей баштады. Бул тууралуу 16-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, азыркы учурда ал жерде 16 келин дарыланууда, экөөнүн абалы оор.

Кыргызстанда соңку бир нече күндөн бери коронавирус жугузуп алгандар боюнча статистика жогорулап жатат. Бүгүн 16-январда 874 бейтап аныкталып, беш айдан берки эң жогорку көрсөткүч катталды.

Борбор калаа Бишкек “кызыл зонага” киргени, өлкөдө коронавирустун “омикрон” деген эң жугуштуу түрү катталганы 12-январда маалым болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG