Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-6, күндүз 1…6;

Баткен Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 5…7 градус жылуу болот. (МТа)

XS
SM
MD
LG