Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Эки айлык саясий кризистен кийин Түндүк Македонияда премьер-министр шайланды


Димитар Ковачевски.
Димитар Ковачевски.

Эки айлык саясий кризистен кийин Түндүк Македониянын парламенти Димитар Ковачевскини социал-демократтар башкарган өкмөттүн башчысы катары шайлап алды.

Ковачевскинин социал-демократтары кошумча этникалык албандардан түзүлгөн эки партияны кошуп коалициялык биримдик түздү. Биринчи аталган партия 16-январдагы шайлоодо алдыга чыккан.

ВМРО-ДПМНЕ партиясы ("Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясы") өкмөткө легитимдүүлүк берүү үчүн жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып, жаңы премьер-министрге каршы добуш беришти.

47 жаштагы Димитар Ковачевски социал-демократтар партиясынын Зоран Заев жетектеген мурдагы өкмөтүндө финансы министринин орун басары болгон. Заев былтыр октябрда партиясы терс жыйынтык көрсөткөндөн кийин кызматынан кеткен.

Түндүк Македонияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, мэрлерди, жетекчилерди шайлоонун биринчи айлампасы 17-октябрда өткөн. 31-октябрда Скопье шаарынын мэрин шайлоо өтүп, анда да оппозициячыл партия утуп чыккан. Ошондон кийин премьер-министр Зоран Заев муну үчүн жеке жоопкерчиликти алып, кызматтан кетерин жарыялаган.

Ковачевски анын өкмөтү экономикалык өнүктүрүүгө, энергетикалык кризисти жеңүүгө жана Түндүк Македонияны Европа Биримдигине киргизүүгө басым жасайт деп маалымдады.

2019-жылы Греция менен талашын чечкенден кийин Македония өзүнүн аталышына Түндүк деген сөздү кошкондон кийин ЕБ менен НАТОго кошулууга даярдыгын баштаган. Кийин тарых жана тил маселелери жөнүндө талашка байланыштуу Түндүк Македониянын биримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнө коңшу Болгария бөгөт койгон. 18-январда Болгариянын премьер-министри Кирил Петков Түндүк Македонияга келип кетет деп кабарланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG