Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Чыккынчылыкка айыпталган Петро Порошенко Украинага кайтып барды


Петро Порошенко 17-январда Польшадан Украинага кайтып барды.
Петро Порошенко 17-январда Польшадан Украинага кайтып барды.

Чыккынчылык боюнча коюлган айыптарды саясий жүйө менен байланыштырган Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко өлкөгө кайтып барды.

“Биз бул жерде Порошенкону коргоо үчүн чогулган жокпуз. Биз бул жерге Украинаны коргоо үчүн жыйналдык. Украина күчтүү экенин жана [Орусиянын президенти Владимир] Путиндин агрессиясына каршы турууга жөндөмдүү экенин көрсөтүү үчүн биз биригүүбүз керек”,-деди ал 17-январда Киевдеги аэропортто өзүн тосуп алган жүздөгөн тарапташтарына.

Бул арада Украинанын Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюросу (ГБР) 56 жаштагы экс-президентке сотко чакыруу берүүгө аракет кылышканын, ал документти алуудан баш тартканын жарыялады.

Порошенконун жакындары 17-январдын кечинде аны Киев соту тергөө жана сот отуруму бүткөнчө камакка алат деп болжоп жатышат.

Учурдагы парламент депутаты жана “Европа тилектештиги” оппозициялык партиясынын лидери Петро Порошенко мамлекеттик чыккынчылык кылууга айыпталып жатат. Анда ал 2014-2015-жылдары бийликте турган учурда Украинанын Чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдерге колдоо көрсөткөн деп шектелүүдө. Порошенко бул айыптарды толугу менен төгүндөп, аны саясий куугунтук деп атап келет.

Киевдин Печерск райондук соту 6-январда Петро Порошенкого таандык делген бардык мал-мүлктү камакка алган чечим чыгарган. Порошенконун командасындагы булактар кабарлашкандай, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар, завод-фабрикалар, анын ичинде Козиндеги үйү, банк эсептери жана акциялары камакка алынды. Ал декабрдан бери Польшада жүргөн эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG