Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Пентагон Өзбекстанды жана Тажикстанды ооган тик учактарын талибдерге бербөөгө үндөдү


Ооганстандагы тик учак. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы тик учак. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Кабулду оогандар басып алгандан кийин Тажикстанга жана Өзбекстанга келген мурдагы ооган армиясынын тик учактары талибдерге кайтарылбашы керектигин билдирди.

Пентагондун позициясын анын расмий өкүлү Жон Кирби 18-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып маалымдады. Ал ошондой эле бул боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканына толуктады.

Өткөн аптада ооганстандын башында турган "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) мурунку бийлик кулаган маалда Өзбекстанга жана Тажикстанга чыгарылып кеткен тик учактарды аталган өлкөлөрдүн бийликтеринен кайтарып берүүнү талап кылган. Талиб өкмөтүнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу Мавлави Мухаммад Якуб 11-январда "биз эч качан учактарыбыздын чет жактарда колдонулушуна жол бербейбиз" деп айткан. Ал ошондой эле "эгер учактар кайтарылбаса, кесепети оор болорун" эскерткен.

Дүйшөмбү менен Ташкент эч кандай жооп кайтара элек болчу. Айрым басылмалар Тажикстан менен Өзбекстан АКШга кайрылып, тик учактардын бир бөлүгүн өздөрүндө калтырууну суранышканын жазган.

Буга чейин талибдер Тажикстан менен Өзбекстанга 40 тик учак чыгарылып кеткенин билдиришкен. Былтыр августта ондогон ооган аскерлери тик учактар менен кошуна мамлекеттерге качышкан. Тик учактардын көбүн Ооганстанга АКШ берген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG