Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Болгария менен Түндүк Македония ЕБге кирүүдө тил табышууну макулдашты


Кирил Петков менен Димитар Ковачевски. Түндүк Македониянын борбору Скопье шаарында. 8-январь, 2022-жыл.
Кирил Петков менен Димитар Ковачевски. Түндүк Македониянын борбору Скопье шаарында. 8-январь, 2022-жыл.

Болгария менен Түндүк Македониянын жаңы премьер-министрлери Димитар Ковачевски жана Кирил Петков 18-январда Скопье шаарында кездешип, балкандагы эки коңшу мамлекеттин мамилесин жакшыртууну макулдашты.

Тараптар Болгария коюп келаткан бөгөт маселесин чечүү боюнча бир пикирге келе алышкан жок.

2019-жылы Грекия менен талашын чечкен соң Македония өзүнүн аталышына Түндүк деген сөздү кошкон. Ошондон кийин ЕБ менен НАТОго кошулууга даярдыгын баштаган. 2020-жылы тарых жана тил маселелери жөнүндө талашка байланыштуу Түндүк Македониянын Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнө коңшу Болгария бөгөт койгон.

Талаптарынын ичинде Болгария Түндүк Македониядагы болгар азчылыгын этникалык албандар сыяктуу Конституция аркылуу таануу маселеси бар. Соңку сүйлөшүүдө тараптар тиешелүү жумушчу топторун түзүүнү макулдашты.

Эки айлык саясий кризистен кийин Түндүк Македониянын парламенти 17-январда Димитар Ковачевскини өкмөт башчысы катары шайлап алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG