Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Министр Бейшеналиев: 23 миңдей адам вакцинанын үчүнчү дозасын алды


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргызстанда былтыр марттын аягында коронавируска каршы эмдөө башталгандан бери анын биринчи дозасын 1 миллион 275 миңден ашык адам алды. Эки дозасын тең алган жарандардын саны 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-январда парламент жыйынында билдирди. Ал ушул тушта вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла башталганын, аны 23 миң адам алганын маалымдады.

Министрдин айтымында, өлкөдө вакцинанын жети түрү сайылып жатат, жалпысынан 5,5 миллион вакцина алынып келген, тартыштык жок. Бейшеналиев калктын 70% вакцина алганда, карантин чаралары сакталганда ооруга байланыштуу кооптуу абал жоюларын белгиледи.

Өкмөт өкүлдөрү парламенттин 19-январдагы жыйынында коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку жагдай тууралуу маалымат берип жатат.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза болуп, илдет дагы 870 адамдан аныкталды. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (627 адам).

Ушуну менен өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 192 миңден ашты, 2838 бейтап каза болду.

Оору жуктуруп алгандардын 57си медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG