Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

20-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз -4…1;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -4…1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11;

Бишкек шаарында кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз -1…1 градус жылуу болот. (МТа)

XS
SM
MD
LG