Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр Йеменге сокку урду


Йемен. Иллюстрациялык сүрөт.
Йемен. Иллюстрациялык сүрөт.

Хуситтер менен күрөшүп жаткан Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр 18-январда Йеменге абадан сокку урду. Хуситтер көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Йемендин борборунда кеминде 20 адам, анын ичинде медиктер жана жайкын тургундар каза болгонун билдирди.

Аба соккулары хуситтердин 17-январдагы Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учкучсуз аппараттардан жана ракеталардан аткылаганына жооп болду. Бул күнкү Абу-Дабиге жасалган эки чабуулга Иран менен байланышкан хусит топтору жоопкерчилик алды. Анда эки киши каза тапкан.

Теракттардан кийин Сауд Арабиясынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Салман менен Абу-Дабинин мураскер канзаадасы Мухаммед бин Заид “агрессиялык актыларга биргелешип каршы турууну” макулдашкан.

Йемендик хуситтер буга чейин Сауд Арабиясын аткылап турчу. Абу-Дабиге биринчи жолу чабуул койду. Окуядан кийин БАЭ БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү талап кылды.

Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр Йемендеги кырдаалга кийлигишкен 2015-жылдан бери ал жакка 23 000ден ашык аба соккуларын жасады. Андан кеминде 18 миңдей жайкын тургун каза болгонун өткөн жылы БУУнун эксперттери кабарлашкан.

2015-жылы жергиликтүү шииттер жамааты жана Иран колдойт деген хуситтер Йемендин эл аралык коомчулук тааныган лидери Абд-Раббу Мансур Хадини бийликтен сүрүп чыгарган. Азиянын түштүк-батышындагы бул өлкөдө ошондон бери согуш басылбай келет. Саудия Хадинин бийлигин калыбына келтирүүнү көздөйт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG