Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Австрия коронавируска каршы вакцина алууну милдеттендирди


Австриядагы COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны милдеттендирүү чараларына каршы акциялар.
Австриядагы COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны милдеттендирүү чараларына каршы акциялар.

Австриянын парламенти башкаруучу коалициянын жарандарды коронавируска каршы вакцинаны алуусун милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырды. 20-январдагы жыйында 183 орундуу Улуттук кеңештин 137си документке макул деп добуш берди, 33ү каршы болду.

Мыйзам 4-февралдан тартып күчүнө кирет. Марттын ортосуна чейин ар бир жаран вакцинациялоо тууралуу кагаз жүзүндө эскертме алат. Андан кийин вакцина албагандарга 3600 еврого чейин айыппул салынат.

Кош бойлуу аялдарга жана медициналык негизде вакцина алганга болбой турган адамдарга гана чектөө жок. Учурда Австриянын 75% калкы толук вакцина алган.

Жаңы мыйзамды кабыл алуунун фонунда миңдеген адамдар коронавируска каршы милдеттүү эмдөө аракеттерине каршылык билдирип келет. Нааразылыктар былтыркы жылдын ноябрынан бери уланууда.

Европанын бир катар мамлекеттери медициналык кызматкерлерди айрым топтогу жумушчуларды гана COVID-19 вирусуна каршы вакцинаны алууга милдеттендирген. Германия жана Франция сыяктуу айрым өлкөлөр эмдөөдөн өтпөгөндөргө ар кайсы кызматтарды колдонуусуна жана эс алуучу жайларга баруусуна чектөө киргизген.

Австрия бардык жарандарды вакцина алууга милдеттендирген Европадагы биринчи мамлекет болуп калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG