Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Asia Mall: бомба жөнүндө жалган маалымат түшкөн номер аныкталды


Asia Mall.
Asia Mall.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги Asia Mall соода борборунда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат келип түшкөн номерди жана анын ээсин аныктады. Атайын кызмат учурда жалган кабарды ошол жаран берип-бербегени такталып, текшерилип жатканын билдирди.

Аталган соода борборунда 20-январда түштөн кийин бомба коюлду деген маалыматтан улам ичиндеги жарандардын баары сыртка чыгарылып, машине токтотуучу жайы бошотулган, милиция имараттын жака-белин курчоого алган. Шектүү эч нерсе табылбагандыктан Asia Mall кечки саат 7де кайра ачылган.

Былтыр августта Бишкекте “телефон террорчусу” деп шектелген келин камалган. Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) ал Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалыматты таратууга шектелип жатканын билдирген. 27 жаштагы келин аталган соода борборунда ижарага орун алып иштетип жаткан күйөөсү менен таарыныша кетип, имараттын ичинде бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы жөнүндө жалган маалымат таратканы айтылган.

“Телефон террорчусу” экени сотто такталган адам үч жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Кылмыштын мындай түрүнө барган адамдар колго түшүрүлгөн учурлар Бишкекте, анын ичинде “Айчүрөк” борборунда буга чейин да бир нече жолу катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG