Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Кыргызстанда бензин дагы кымбаттайт


Кыргызстандагы күйүүчү май куючу бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы күйүүчү май куючу бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жакынкы айларда бензин дагы төрт сомго, дизель алты сомго кымбатташы ыктымал.

АИ92 бензин 60 сомдон ашат

Күйүүчү май ташып келүүчүлөр эми Орусиянын заводдорунан бензинди тоннасына 110 доллар, дизелди 130 долларга кымбат алат. Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсептөөсүндө жакынкы айларда бензин 4 сомго, дизель 6 сомго кымбатташы мүмкүн. Ассоциациянын жетекчиси Канатбек Эшатовдун айтымында, баалар дароо эмес, акырындык менен жогорулайт.

Канатбек Эшатов.
Канатбек Эшатов.

“Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо бизге берген дүң бааларды бензинге 110 доллар, дизелге болсо 130 долларга көтөрүштү. Жакынкы бир айдын ичинде келишимдер түзүлүп, Кыргызстанга сатылып баштаганда бензин төрт сом, дизел 6 сомго чейин кымбаттайт”, - деди Эшатов.

Учурда Бишкектин ири май куючу жайларында бензиндин АИ95 үлгүсү 64 сом 50 тыйын, АИ-92 58 сом 90 тыйын сомдон, ал эми жайкы дизел 59 сом, кышкысы 69 сом 30 тыйындан сатылып жатат. Алыскы аймактарда күйүүчү майдын баасы борбордон беш сомго чейин кымбат болот.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматында, Кыргызстанда АИ92 үлгүсүндөгү бензин көп сатылат. Акыркы кымбаттоолорго ылайык, АИ92 бензини 63 сомго чыгышы мүмкүн.

Кымбаттоо калктын чөнтөгүн кагууда

Өлкөнүн транспорт тармагы автоунаа жолуна гана байланган Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы калктын жашоо-турмушуна дароо таасир этет. Мунай менен кошо айрым азык-түлүк, кызматтар дагы кымбаттайт. Бишкекте көчө бойлой турган таксисттер бензиндин кымбатташына тынчсызданууда. Алардын бири - Дубанбек Осмоналиев.

“Эптеп күнүмдүк тамак-ашка иштеп жатабыз. Тапканыбыз бензинге кетет. Азыр күнүнө 1500 сомго май куям, мурда 700-800 сомго болчу. Бир жылда эки эсе кымбаттады. Билбейм эми кандай болот. Орусиядан ташып келгендер үстүнө кошуп жатышат окшойт”, - деди таксист.

Мурманбек Карасартов ишине байланыштуу машине менен көп жүрөт. Ал бензинге акча көп сарптай баштагандыктан, кызматынын акысын жогорулатсамбы деп ойлонуп турат.

“Бензин кымбаттаганы азык-түлүк дагы кымбаттап жатат окшойт. Кесепети чоң эле болуп атпайбы. Мурда 300 сомго куйсам, эки күн жүрчү элем. Азыр 300-400 сомго үйдөн жумушка эле барып келгенге жетет”, - деди ал.

Жазгы талаа иштери кантет?

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылдан бери күйүүчү майдын баасы 20 сомдон ашыгыраак суммада кымбаттады. Айрым эксперттер мунайдын баасы мындан ары дагы жогорулай берерин эскертишет. Айрыкча, жазгы талаа иштери башталарына 1-2 ай калганда күйүүчү майдын кымбатташы дыйкандарды убайымга салат. Фермер Манас Саматов Евразия экономикалык биримдигиндеги Казакстандан мунай алып келүү жолго салынбай жатат деп бийликти сындады.

Манас Саматов.
Манас Саматов.

“Баанын кымбатташы дыйкандарга дароо таасир этет. Өндүрүмдүн өздүк наркы кымбат болот. Сөзсүз дыйкан жабыр тартат. Жылда эле Казакстандан алып келебиз деп айтышат. Депутаты дагы, өкмөтү дагы айтат, бирок жыйынтык жок. Маселе чечилбегенине эмне сыр бар белгисиз”, - деди Саматов.

Чынында, коңшу Казакстанда бензиндин баасы 20 сомдун тегергинде арзан. Кыргыз бийлиги казак өкмөтү менен күйүүчү май ташып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтканы менен жыйынтыгы белгисиз. Учурда тийиштүү органдар күйүүчү майдын баасы жөнүндө комментарий бере элек. Өткөн жылдын аягында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров күйүүчү-майлоочу майлардын баасын туруктуу кармоо механизмдерин караштырып жатканын билдирген.

Орусия 2022-жылы Кыргызстанга 650 миң тонна бензин жана 550 миң тонна дизелди бажы алымысыз берерин кабарлаган. 2021-жылы Москва Бишкекке 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизел жиберген.

Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды. Серепчилер Кыргызстанда кара майдын баасын туруктуу кармап туруу үчүн өлкөдө мунайды кайра иштетүүчү заводдордун ишин өнүктүрүү керек экенин айтып келет. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматында, Кыргызстанда 290 млн. тонна мунайдын запасы бар.

Жакынкы өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда мунайдын баасы арзан. Маселен, Орусияда АИ92 – 58,60 сом, Беларуста 58,6 сом, Өзбекстанда 78,6 сом, Тажикстанда 77,7 сом, Арменияда 88,9 сом, Молдовада 103 сом, Грузияда 87,3 сом, Украинада 94,6 сом. Бирок, сөз болгон өлкөлөрдө айлык акы да Кыргызстандагыдан кыйла жогору экени белгилүү.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG