Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Токаев нааразылыктарга бай-кедей ажырымы алып келгенин айтты


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-январда ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, мамлекетте байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым кыйла көбөйүп кеткенин билдирди. Ал январдын башындагы окуялардын бир себеби катары да ушуну атады.

"11-январда парламентте айтканымдай, бай менен кедейдин арасындагы ажырым жол берүүгө мүмкүн болбой турган деңгээлге жетти. Айтылып келген социалдык-экономикалык жагдай менен реалдуу абал болуп көрбөгөн чекке жетти жана ал биздин экономикабызды кайрадан карап чыгуу зарылдыгын көрсөтүүдө. Бардыгыбыз билген жомкорлук жана кирешелердин ортосундагы айырмачылыктын чоңдугу ок дарыга ширеңке жаккан сыяктуу болду. Аны террорчулар, куралдуу адамдар жана алардын артында турган уюштуруучулар пайдаланып кетти", - деди ал.

Токаев ошондой эле “эл аралык уюмдар Казакстандын байлыгынын жартысынан көбү 162 адамдын колунда” деп айтканын мисал келтирип, өлкө калкынын жарымынын ай сайын тапкан кирешеси 50 миң теңгеден (10 миң сомдон) ашпай турганын кошумчалады.

“Мындай акчага жашоо мүмкүн эмес”,-деди ал.

Президент бул жагдайды өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, ишкерлерге карата “жагдайдын көбү сиздерге байланыштуу” деди. Бизнесмендер негизинен Казакстандагы мунай-газ жана башка тармактагы ишканаларды жетектегендер экени маалымдалган.

Мурдараак The Financial Times басылмасы, Казакстандын 19 миллион калкынын 0,001% же 162 киши өлкө байлыгынын 55% ээлик кыларын жазган болчу. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG