Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Италиядагы кыргызстандык мигранттардын жашоосу тууралуу тасма тартылды


Даректүү тасмадан алынган скрин.
Даректүү тасмадан алынган скрин.

Борбор Азиядагы коопсуз миграция долбоорунун алкагында Италиядагы кыргыз мигранттарынын жашоосу тууралуу даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу ЮСАИД уюмунан билдиришти.

Тасманын бет ачары 19-январда Бишкекте өтмөк. Бирок пандемияга байланыштуу болбой калган.

Даректүү тасма кыргызстандык эмгек мигранттарынын Италиядагы жашоосу тууралуу баяндайт. Тасманын башкы каармандары көчүүнүн кыйынчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн бөлүшөт, ошондой эле коопсуз миграция үчүн бардык талаптарды аткаруу боюнча маанилүү маселелерди көтөрүшөт.

Тасманын катышуучулары көп жыл мурун Италияга иштөө үчүн келген. Алар жаңы өлкөгө келгенде кабылган кыйынчылыктар, Италияда жумуш табуу тууралуу айтып беришет. Алар ошондой эле чет өлкөгө иштөө үчүн барууну ойлогондор кайсы нерселерди эске алуу керектиги боюнча кеңештерин бөлүшөт.

Кыргызстандын Тышкы миграция департаментинин маалыматына ылайык, Италияда алты миң кыргызстандык эмгектенет. Көпчүлүгү 20-60 жаштагы аялдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG