Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.
Болот Темиров жана Болот Назаров. Коллаж. Эки сүрөт тең 22-январда тартылган. 2022-жыл.

Төкмө акын Назаров үй камагына чыкты, журналист Темиров тил кат менен бошоду

22:41 23.1.2022

23-январдын түнү соттун чечими менен үй камагына чыккан төкмө акын Болот Назаровду тарапташтары, активисттер, акындар тосуп алышты. Алар "Болот курчуйт, таш сынат!" деп кыйкырып, сүрөп турушту. Назаров аны бошотууга чогулгандардын аракети себеп болгонун, сөз эркиндиги адамзат үчүн канчалык баалуу экенин айтты.

"Планетадагы сөз эркиндиги үчүн турдуңуздар. Планетадагы сөз эркиндиги бизден башталарын далилдедиңиздер. Эң негизгисин айткым келет... Сөз эркиндигин талап кылып жүргөн журналисттерге, жер бетиндеги журналисттерге айткым келет: Сөз эркиндиги деген бизбиз. Өзүбүз ушинтип ынтымактуу болсок, сөз эркиндигин алып келе алабыз. А биз өзүбүз ынтымакка келе албай, сөз эркиндиги деп бирден ыйлай бергенде бөлүнгөндү бөрү жеп кетет экен. Кандай кылып сөз эркиндигин алып келиш керек экенин сиздер суукка карабай ушунча туруп, дүйнө жүзүнө сабак болдуңуздар деп эсептейм. Бар болуңуздар!".

Бүгүн Бишкекте, Ички иштер министрлигинин имаратынын, шаардык милиция башкармалыгынын алдында маңзатка байланыштуу шектенүү менен кармалган журналист Болот Темиров жана аны менен бирге иштешкен төкмө Болот Назаровду колдоо акциясы өттү. Нааразылык акциясына чыккан активисттер, журналисттер, маданият кызматкерлеринин өкүлдөрү, төкмө акындар да экөө тең ак жеринен камалганын, аларга "жалган жалаа жабылып жатканын" белгилешти. Бийликке, укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, экөөнү тең бошотууну жана мындай көрүнүштөрдү токтотууну талап кылышты. Акындар нааразылыгын ыр менен билдиришти.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев брифингде Назаров баңгизатын журналист Болот Темировдун кеңсесинен алып, таратып жатат деген маалымат бар экенин билдирди. Журналист Темировдун кеңсеси 22-январдын түнү тинтүүгө алынып, өзү кармалган. Ал кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери чөнтөгүнө белгисиз затты салып коюшканын айткан. УКМК жетекчиси журналисттин каны таза чыкканын маалымдады. Назаровдон мурда Темиров да эч кайда кетпөө тууралуу тилкат менен бошотулду.

Бул окуялардын алдында Темиров жана анын командасы Ташиевдин туугандарына байланышкан иликтөөнү жарыялап, коомдо кызуу талкууга алынып жаткан.

Назаров менен Темировдун тарапташтары аларга коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын жана алар интернеттеги терс көрүнүштөрдү ачык айткан позициялары, журналисттик иликтөө үчүн кармалганын айтышты.

Ушундай эле акция Ош шаарында да ондогон кишинин катышуусунда уюштурулду.

ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, журналист да, акын да ектүү катары өтүп жатышат. Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, аларга маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Төкмө акын Болот Назаров чыгармалары аркылуу бийликти сындап жүргөнү менен белгилүү. Жакында анын Youtube каналына "Эки дос", "Камчыке, кара калкыңды" деген ырлары жарыяланган.

20:18 23.1.2022

Бишкектеги акцияда сөз эркиндигин коргоо талабы жаңырды

Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акциянын катышуучулары.
1/14 Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акциянын катышуучулары.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өткөн нааразылык акциясына маданият тармагынын өкүлдөрү, төкмө акындар да келишти. 
2/14 Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында өткөн нааразылык акциясына маданият тармагынын өкүлдөрү, төкмө акындар да келишти. 
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Төкмө акын Болот Назаров баңгизатына байланыштуу камакка алынганын бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министрлиги ырастаган. Ташиев Назаров баңгизатын журналист Болот Темировдун кеңсесинен алып, таратып жатат деген маалымат бар экенин билдирген. Журналист Темировдун кеңсеси 22-январдын түнү тинтүүгө алынып, өзү кармалган.
3/14 Төкмө акын Болот Назаров баңгизатына байланыштуу камакка алынганын бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министрлиги ырастаган. Ташиев Назаров баңгизатын журналист Болот Темировдун кеңсесинен алып, таратып жатат деген маалымат бар экенин билдирген. Журналист Темировдун кеңсеси 22-январдын түнү тинтүүгө алынып, өзү кармалган.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
4/14
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
5/14
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
<p>Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган. Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.</p>
6/14

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган. Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Болот Темировдун камактан чыккан учуру. Аны Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдынан 23-январда саат 14:30 чамасында аны журналисттер жана активисттер, укук коргоочулар тосуп алышты. Андан мурдараак ИИМ өкүлү ал эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулуп жатканын айткан.
7/14 Болот Темировдун камактан чыккан учуру. Аны Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдынан 23-январда саат 14:30 чамасында аны журналисттер жана активисттер, укук коргоочулар тосуп алышты. Андан мурдараак ИИМ өкүлү ал эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулуп жатканын айткан.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Болот Темиров журналисттерге маек берип жатат.
8/14 Болот Темиров журналисттерге маек берип жатат.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
9/14
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Митинг&nbsp;Бишкек шаардык милициясынын алдында уланды.
10/14 Митинг Бишкек шаардык милициясынын алдында уланды.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Болот Темиров жана аны менен чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингде төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.
11/14 Болот Темиров жана аны менен чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган митингде төкмө акын, Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев Кыргызстан эгемендик алган 30 жылда бийликти катуу сындап келген акынды камоо фактысы болбогонун айтты.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акцияда белгилүү төкмө акындар окуя тууралуу пикирин ыр менен билдирип, бийликти адилет чечим кабыл алууга үндөп ырдашты.
12/14 Төкмө акын Болот Назаровдун бошотулушун талап кылган акцияда белгилүү төкмө акындар окуя тууралуу пикирин ыр менен билдирип, бийликти адилет чечим кабыл алууга үндөп ырдашты.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
13/14
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Кечке жуук төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Назаров өзү аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, &quot;Ак ийилет, сынбайт&quot; деп айтты.
14/14 Кечке жуук төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Назаров өзү аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, "Ак ийилет, сынбайт" деп айтты.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Темировду жана аны менен иштешкен Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.
Артка
Алдыга

17:42 23.1.2022

Төкмө акындар 23-январда Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын алдында Болот Назаровду бошотууну талап кылып, нааразылыктарын ыр менен билдиришти. Көп өтпөй төкмө акын Назаров үй камагына чыгарылды.

17:07 23.1.2022

Төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Бир нече мүнөт мурда Бишкек шаардык милициясынын имаратынан аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда алып чыгышты.

Абдиев журналисттерге "Азыр сотко алынып баратат, мыйзамдуулугун текшергенге. Үй камагына чыгарылды. Ал жерде 15-20 мүнөт болот, андан кийин үйүнө кетет" деп билдирди.

Назаров өзү аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, "Ак ийилет, сынбайт" деп айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG