Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстанда дагы бир медициналык кесиптик кошуун түзүлдү


Кыргызстандын медициналык кесиптик кошуунуна берилген күбөлүк.
Кыргызстандын медициналык кесиптик кошуунуна берилген күбөлүк.

23-январда Бишкекте Кыргызстандын медициналык кесиптик кошуунунун жыйыны болду. 15-январда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн бул уюм медициналык кызматкерлердин укугун коргоо багытында иш алып барат.

Жыйында кошуундун жыйырма мүчөсү аныкталып, ревизиялык комиссиясы түзүлдү. Уюмдун төрайымы болуп Бермет Барктабасова шайланды.

"Бизге дагы бир кесиптик кошуундун эмне зарылдыгы бар? Дарыгерлердин эски кесиптик кошууну кантип иштеп жатканы жалпыга маалым. Медициналык кызматкерлер өз укуктарын жогорку деңгээлде коргой албай келет. Алардын көйгөйүн түшүнүп, таламын талашып, жашоосун жеңилдетели деп экинчи кошуунду түзүп жатабыз", - деди Барктабасова.

Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик кошууну бар. Ага өлкөдөгү бардык дарыгерлер мүчө.

Акыркы жылдары коомдо медиктердин укугу бул уюм тарабынан толук кандуу корголбой келгени тууралуу сын-пикирлер көп айтылып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG