Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Бекмурзаев: Электр жарыгын берүү 60% калыбына келди


Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында. 25-январь, 2022-жыл.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйынында. 25-январь, 2022-жыл.

Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчедеги аварияга байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат берди.

“Учурда Кыргызстанда жарым-жартылай электр энергиясы берилип, калган аймактарды электр энергиясы менен камсыздоо аракети жүрүп жатат. Азырынча авария эмнеден улам болгону тактала элек. Шакекчеге кирген кошуна өлкөлөр менен чогуу иштешип жатабыз. Биз пайдаланып жаткан бирдиктүү энергетика системасында мындай абал биринчи жолу жаралды”,-деди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Министрдин айтымында, 25-январда 16.00гө карата Кыргызстандын 60% жарык калыбына келтирилди.

Бишкек жылуулук борборунда да иш үзгүлтүккө учурап, калыбына келтирүү иши жүрүп жатканы айтылды. Жылуулук басымы 25-январь кечке чейин калбына келтирилет деди министр.

“Өлкөнү жүз пайыз электр энергиясы менен камсыздоо иши баскыч-баскычы менен жүрүп жатат. 2-3 саатта баары калыбына келет деп турабыз. Мурдагы кырсыктардан сабак алып, ар кандай абалга даяр болгонбуз. Ошол учурдагы алган сабактарыбыздан улам, кыска убакытта элге электрди жеткирип абалдан чыга алдык. Борбор Азия Энергошакекчеден чыгып, өзүбүздүн электр энергиябызды пайдаланып баштадык”,- деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Кыргызстандын бир топ аймактарында түшкү саат 12де электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди. Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG