Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Пентагон 8 миңден ашуун аскери күчөтүлгөн даярдыкта турганын билдирди


Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби. 17-февраль, 2021-жыл. Вашингтон.
Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби. 17-февраль, 2021-жыл. Вашингтон.

Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби Украинанын тегерегиндеги кырдаалдан улам 8500дөй америкалык аскер жогорку даярдыкка келтирилгенин билдирди.

Ал эгер НАТО өз Ыкчам аракет көрүү күчтөрүн активдештирсе, америкалык аскерлер альянска мүчө мамлекеттерге жайгаштырыларын кошумчалады.

НАТО өз күчтөрүн даярдыкка келтиргенин, чыгыш Европага кошумча тик учактар менен согуштук кемелерди жөнөтүп жатканын буга чейин кабарлаган.

АКШ президенти Жо Байден 24-январда Европадагы өнөктөштөрү менен Украинанын айланасындагы кырдаалды онлайн талкуулады. Байден бул маселеде Батыш державалары Орусиянын агрессиясына каршы бирге турарын билдирди.

Евробиримдикти көгүлтүр газдын 40% менен Орусия камсыздагандыктан, Москва дал ушуну пайдаланып өнөктөштөрдүн ортосунда чагым уюштурушу мүмкүн деп Вашингтон кооптонуп келет.

Былтыркы күздөн бери Орусиянын Украинага ыктымал басып кирүүсү кызуу талкууланып келатат. Айрым маалымат каражаттары Москва кошуна өлкө менен чек арасына 100 миңдей жоокерин топтоп жатканын жазып, сүрөттөрдү жарыялашкан.

Буга чейин Москва АКШ жана НАТОго өз талаптары жазылган макулдашуунун долбоорун сунуштаган. Алардын арасында "НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек, Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш жана НАТО 1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек" деген шарттар бар.

АКШнын расмий адамдары Орусиянын айрым талаптарын ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин, ал эми кээ бирлери боюнча сүйлөшсө болорун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG